Атабаева Буажар Сатаровна

Химия мугалими

Алыскы Чон –Алай районунун Жар – Башы айылында 1958 – жылы жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин жаш чагынан кыялданып , болочок муундарга билим берүүнү энсеген жаш кыз мурунку Фрунзе азыркы Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыз келиндер педагогигалык институнун химимя жана биология факультетин 1981- жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун өзү туулуп өскөн айылынан баштап , үй бүлөөлүк шартына карата Ош шарындагы Түштүк Кыргызстан чалгындоо экспедициясында техник болуп иштеген.

Сокулук районундагы Фрунзе  №1 орто мектеп лицейинде химия мугалими болуп 2001-2002-окуу жылынан  бери аты аталган мектепте  үзүрлүү эмгектенип келе жатат .

Бул эмгек жолунда өзүнүн аракетчилдигин, өз ишине берилген , кесибин сүйгөн мыкты адис экенин көрсөтө алды. Уй булоодо жароокер жар, мээримдүү эне жана мектепте кесипкой адис боло алды .

Эженин эмгеги жогору бааланып айыл өкмөтү, райондук билим берүү бөлүмү жана мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

КРнын Билим берүү жана илим министрилигинин Ардак грамотасы , КРнин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси.

“Ардактуу мугалим”, “Ардактуу атуул”, “Өрнөктүү инсан” төш белгилерине татыктуу боло алды.