Рахматбай кызы Бегайым

Биология мугалими

Мен Рахматбай кызы Бегайым 1986-жылдын 20-мартында, өрүк зарлуу Баткен жеринде, мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем.

1992-жылы Тургунбай Садыков атында орто мектептин ак босогосун аттап, 1-класска окууга бардым. Мектепти 2003-жылы артыкчылык аттестаты менен аяктадым.

2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университинин биология факультетине окууга тапшырдым. 2007-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин артыкчылык диплому менен аяктадым, «Биология» багыты боюнча бакалавр академиялык даражасын алдым. 2009-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин артыкчылык диплом менен аяктадым, «Биология» багыты боюнча магист академиялык даражасы ыйгарылды.

Эмгек жолумду 2008-жылы, Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын, Тоо физиологиясы институтунда, кенже илимий кызматкер болуп баштагам.

2011-2020-ж.ж. Баткен облусу, баткен районуна караштуу М. Салихов атындагы орто мектебинде химия, биология мугалими болуп эмгектенгем.

2020-жылдан бери Фрунзе №1 орто мектеп-лицейинде биология мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келем.