6-февраль күнү ВИВСРдин кесиптик билим берүү башкармалыгынын квалификациясын жогорлатуу бөлүмүнүн башчысы полковник Абдыкадыров Эркинбек Тунгучбекович менен жолугуу болду.
6-февраль күнү ВИВСРдин кесиптик билим берүү башкармалыгынын квалификациясын жогорлатуу бөлүмүнүн башчысы полковник Абдыкадыров Эркинбек Тунгучбекович менен «Ушундай кесип бар-Мекенди коргоо» деген аталышта жолугушуу болду. Ал биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыт берип,аскердик жогорку окуу жайларына кантип тапшырса болорун айтып берди? Абитуриенттерди кабыл алууда кандай шарттар бар,чет өлкөгө тапшырууга мүмкунчулук бар экенин жана эн кызыктуусу окуу жайды аяктаган соң жумушка орношо ала турган мүмкүнчүлүктөрдү боюнча толук маалымат берди. Окуучулар өздөрүнө кызыктуу суроолорун берип,жолугушуу достук атмосферада өттү.
Комментарии