Мусабекова Роза Улуттук олимпиадада 2-орунду алышы менен куттуктайбыз!
Сокулук районуна караштуу Фрунзе орто мектеп-лицейинин 11-а классынын окуучусу Мусабекова Роза Улуттук олимпиадада химия сабагы боюнча 2-орунду багындырды. Бул ийгилик чексиз шооланын башы болуп, анын артынан жаңы жетишкендиктер менен коштолсун. Окуучубуз өзүнүн келечектеги жолун туура аныктап, ЖОЖду туура тандап, өз тармагынын мыкты профессионалы болот деп терең ишенебиз! Мусабекова Розанын мугалими — өз ишин жан дилинен сүйгөн,мыкты педагог Атабаева Бауржан Сатаровна!
Комментарии