Жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо системасын өнүктүрүү, Мекенди коргоого даярдыкты калыптандыруу,мектеп окуучулары тарабынан жаштар арасында өз ара жардамдашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоонун командалык духу жана өзгөчө кырдаалдарда чечимдери тез кабыл алуу боюнча бекитилген ченемдерди аткаруу максатында аскер комиссариаты Сокулук райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте 5-жылдын 2023 апрелинде Фрунзе орто мектеп-лицейинин базасында 10,11-класстын окуучуларынын арасында Фрунзе орто мектеп-лицейи №1, Фрунзе орто мектеби №2, Төркүл орто мектеби. Зоналык спартакиаданын жүрүшүнө баа берилди: 1.Саптык даярдык 2.Штангадагы күч көнүгүүлөрү 3.100 метрге чуркоо 4.Машинаны демантаждоо жана мантаждоо 5.Ф-1 окуу гранатасын 30 м аралыкка ыргытуу. 6.Пневматикалык мылтыктан атуу ылдамдыгы. Мелдештин соңунда калыстар тобу жыйынтык чыгарып,тийиштүү даражадагы грамоталар жана жеке биринчиликке «эң мыкты аткыч», «эң күчтүү», «эң ылдам» номинациялары менен сыйланышты.
Комментарии