10-март күнү биздин мектепте МАИнин өспүрүмдөр курама командаларынын кароо-сынагы өттү.
Сынакка 4-7-класстын окуучулары катышты. Сынактын максаты балдардын жол-транспорт травмаларын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелерин билүү, жолдордо жана көчөлөрдө коопсуз жүрүм-турумду жайылтуу болуп саналат. Мелдешке Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматынын ага инспектору,милициянын майору Бөрүбаев Куват катышып,сынакты уюштурган окуучуларга, класс жетекчилерге жана мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ата-энелерге өзгөчө ыраазычылык билдирди.
Комментарии