Мусабекова Роза Мыктыбековна

2005-жылы 11-октябрда туулган. Сокулук районундагы Фрунзе айылында жашайт.

2012-жылы Фрунзе шаарындагы No1 мектеп лицейине 1-класска кирип, учурда 11-класстын окуучусу.

Ал башталгыч мектепти эң жакшы баалар менен бүтүргөн. 
5-классынан баштап мектептеги сынактарга катышып, дайыма байгелүү орундарды ээлеп келген.

2021-жылы химия боюнча облустук олимпиаданын катышуучусу болуп, 2-орунга ээ болгон.
2022-жылы республикалык олимпиадага катышып, 5-орунга ээ болгон.

жана ошол эле жылы эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду ээлеген. 
Муну менен ал талыкпай кошумча билим берген химия мугалими Атабаева Буажар Сатаровнага ыраазычылык билдирет.

Анын сүйүктүү иштери окуу, токуу, тигүү жана билим берүүчү оюндар.

Бирок убактысынын көбүн инилерине, үй жумуштарына арнайт.

Анын урааны «Биринчи кезекте жоопкерчилик».

Ал дарыгерлик кесипти аркалап, жүрөгү менен сүйгөн элине жардам бергиси келет.