Мектеп парламенти —
Бул жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана жалпы максаттарга жетүү үчүн окуучулардын жана мектептин педагогикалык жамаатынын биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде түзүлгөн координациялоочу ыктыярдуу окуучулук коомдук мүчө.
Парламенттин иш-чаралары администрациянын жетекчилиги астында жана мектептин окуу-тарбия иштеринин планына ылайык жүргүзүлөт.
Президент парламенттин ишин жетектейт. Президент жок болгон учурда парламенттин иши үчүн жоопкерчилик Премьер-министрге жүктөлөт.
Мектеп парламенти алты министрликти түзөт:
1. Билим берүү министрлиги:
- начар окуган окуучуларга жана жетишпеген окуучуларга жардам көрсөтөт (аларды жетектөө, ар кандай предметтер боюнча кеңеш берүү, окуучулардын кошумча сабактарын уюштуруу);
- мектепте илимий, чыгармачылык жана тарбиялык иштерди жүргүзөт;
- класстар боюнча маалыматтык-тематикалык класстык сааттардын өтүшүн көзөмөлдөйт
2. Маданият министрлиги:
- мектепте коллективдүү чыгармачылык ишчараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө жардам берет;
- мектепти эстетикалык жасалгалоого жардам берет;
- ички тартиптин эрежелеринин сакталышын жана окуучулардын мектеп формасын кийүүсүн көзөмөлдөйт.
3. Басма сөз жана маалымат министрлиги:
- дубал газеталарды, көрсөтмө жана агитациялык плакаттарды чыгарууну уюштуруу;
- мектеп сайты үчүн маалымат чогултуу;
- окуучулар арасында сурамжылоолорду жүргүзүү жана алынган маалыматтарды талдоо.
4. Спорт министрлиги:
- спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- спорттук мелдештердин жыйынтыгы боюнча мектеп линийкаларын уюштурууга катышат
5. Укук тартиби министрлиги:
- мектепте терс көрүнүштөрдүн алдын алуу аркылуу окуу-тарбия процессинин ийгиликтүү жүрүшү үчүн шарттарды түзөт;
- мектепте тартипти бузгандар менен иштөөнү уюштурат;
- мектептин Уставынын, окуучулардын жүрүм-турум эрежелеринин жана мектептин окуучулары үчүн башка эрежелердин жана ченемдердин сакталышын көзөмөлдөйт;
- мектеп дежурствосун уюштурууга катышат; окуучуларды аң-сезимдүү тартипке жана жүрүм-турум маданиятына тарбиялоо
6. Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- жаман адаттардын алдын алуу жана сергек жашоо образын жайылтуу;
- класстардын жана жалпы мектептин санитардык абалын көзөмөлдөйт
Балдар жана кыздар кеңеши:
- Окуучулардын көйгөйлөрүн аныктайт жана бул көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет
Мектеп парламентинин мүчөлөрүнүн тизмеси
1. Президент — Намазбеков Умар
2. Премьер-министр –
3. Вице-премьер-министр — Майлыбеков Эрлан
- Билим берүү министрлиги: — Мысыкбыева Сабина
Махаматов Расул -10 б
Пулатова Гулзина — 9 б
Ажибекова Адинай — 9 в
Крысанов Илья-8 б
- Маданият министрлиги: Юсупов Нургазы -9а
Алимжанова Омургуль – 9 б
Жанышова Нурзада – 8 а
- Басма сөз жана маалымат министрлиги: — Исбатырова Асем
Гапарова Неля — 9б
- Укук тартиби министрлиги: Байызбеков Бек – 9 в
Камбарбаев Нурсултан — 8б
- Спорт министрлиги:
Абазбеков Акбар – 9 а
Бекмурзаев Нурислам-9 а
Аскаров Эламан – 9 в
- Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бектурова Айдай — 9 в
Маданбекова Камила – 9 а
Рахманалиева Марьям – 9 а
Алтынбекова Аида — 9 б
Балдар кеңеши: председатель — Талапов Диаз – 11б
Исфандиер – 11 а
Кыздар кеңеши: председатель – Алимжанова Курманжан 11 а
Султанова Жазгуль 11 б