«Мугалим – мѳмѳлүү дарак»,-демекчи, биздин ата-энебизден кийинки жакын адамыбыз-мугалимибиз. Биз энени кандай урматтап, сыйласак, мугалимди андан артыгыраак сыйлашыбыз керек. Биринчи коңгуроодон кийин бизди жетелеп, ээрчитип биринчи кадам таштаттырган бул-эжекелерибиз. Алар эң мээримдүү, камкор болушат. Биринчи билим пайдубалыбызды мектептен баштайбыз. Аны мугалим курат. Окуучулар канчалык шоктонбосун, кемчилик кетирбесин алар баарын кечиришет. Сыртынан урушканы менен алар бизге ар дайым жакшылыкты гана каалашат. Менимче бардык мугалимдер урмат-сыйга, алкышка татыктуу.
Фрунзе №1 орто мектеп-лицейинин окуучусумун, биздин мектепте да мектеп десе жүрѳгүн берген мугалимдер абдан кѳп!
Комментарии