USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган долбоор.
Долбоордун биринчи жылында окуу жана жазуу боюнча башталгыч класстардын мугалимдери үчүн беш окутуу модулдары иштелип чыккан. Бул материалдар Кыргызстанда буга чейин ишке ашырылган USAIDдин «Бирге окуйбуз» (2013-2017) жана «Келгиле окуйбуз» (2016-2021) долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан базалык модулдардын негизинде түзүлгөн.
Натыйжада, биздин Фрунзе №1 орто мектеп-лицейи дагы пилоттук мектептердин катарына киргендиктен башталгыч класстардын окуучулары орто мектепте ийгиликтүү окуунун пайдубалы болгон окуу жана математика көндүмдөрүн жакшыртуунун үстүндѳ иш алып барып келишет.
Биздин мектептен аталган долбоорго Достиева Ж.А., Халматова Г.А,. Ормонова Н.А., Рахманберди кызы А., Юсупова З.Ш. Бейшеналиева Б.Н., Молдобекова М.А, Рахмонова И.В.жана Русанова К.А. жигердүү катышып, ачык сабактарды берип келишет .Сабактарга тренерлер тарабынан байкоо жүргүзүлүп турат.
Комментарии